Шамалды-Сай
Шамалды-Сай же Шамалдуу-Сай — Кыргызстандын Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы шаар.
шаар | |
Шамалды-Сай | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Жалал-Абад облусу |
Таблицадагы облус |
Жалал-Абад облусу |
Район түрү |
Район |
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
1957 |
Калкы | |
Расмий тили |
Кыргыз тили |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
580 адам/км2 |
Улуттук курамы | |
Диний курамы |
Ислам |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Телефон коду |
+996 |
Автоунаа коду |
04, D |
ААББТ коду — 41703 420 520 01 0[2].
Тарыхы түзөтүү
Шамалды-Сай шаарчасы 1957-жылы аймакта Үч-Коргон ГЭСи курулуп жатканда шаар тибиндеги поселок катары түптөлгөн. Ошол учурдан тартып Таш-Көмүр шаарынын карамагында турат. 2009-жылы шаар тибиндеги поселок статусу жоюлуп, шаарчалык өкмөт болуп өзгөртүлгөн.
2017-жылдын башында Жалал-Абад облусунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамга ылайык шаар ичинде шаарчанын жайгашуусу мыйзамга каршы келерин билдирип, шаарча макамын алууну сунушташкан[3]. 2017-жылы 25-мартта Шамалды-Сай шаарчасында 200гө жакын жашоочу катышкан жыйын өтүп, анда айыл макамын берүүгө каршылык көрсөтүшкөн. Таш-Көмүр шаарынын вице-мэри Өмүрбек Бабатаев элдин талабы орундуу деп эсептеген. 2024-жылы Таш-Көмүр шаарынын курамынан чыгарылып, Ноокен районуна кошулган.
Географиясы түзөтүү
Таш-Көмүр шаарынан 20 км түш. тарапта, Нарын дарыясынын боюнан орун алган. Калкы 12790 (2002). Жалпы аянты 2293 га. Карамагына «Теңдик» коомдук комитети (мурдагы «Ташкөмүр» совхозу да кирет (2002).
Инфратүзүмү түзөтүү
Шамалды-Сайда 4 өнөр жай ишканасы, бир курулуш мекемеси, 3 транспорт жана байланыш ишканасы бар. Электр энергиясын, металл кон-струкцияларын, сүт азыктарын, темир-бетон, жыгач буюмдарын, кислород, асфальт-бетон жана башка элге керектөөчү товарларды чыгарган КГСК, «Үчкоргон ГЭСи», «Жеразык» акционердик коомдору, «Сүт» менчик ишканасы, №2 АТПО, Шамалды-Сай ГЭСи ишканалары бар. 6 окуу жайы анын ичинде 3 кесиптик лицей, 4 медициналык мекеме, 5 маданий агартуу мекемеси иштейт[4].
Калкы түзөтүү
жылы | 1959[5] | 1970[6] | 1979[7] | 1989[8] | 2009 | 2011 | 2019 | 2020 | 2021[1] |
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
адам. | ↗ 4511 | ↗ 5538 | ↗ 6103 | ↗ 8813 | ↗ 9550 | ↗ 9800 | ↗ 11746 | ↗ 12047 | ↗ 12308 |
Булактар түзөтүү
- ↑ 1.0 1.1 Кыргыз Республикасынын облустарынын, райондорунун, шаарларынын, шаарчаларынын, айылдык аймактардын жана айылдардын калкынын саны (орусча) (XLS). Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (2021).
- ↑ Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык жана аймактык бирдиктердин объектилерин белгилөө тутумунун мамлекеттик классификатору
- ↑ Шамалды-Сай шаарчасы айылга айлана бы?. Текшерилген күнү 20 -июнь (кулжа) 2022.(жеткиликсиз шилтеме)
- ↑ Колдонулган адабияттар: ISBN 9967-14-006-2 © Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору
- ↑ Перепись-1959 demoscope.ru
- ↑ Перепись-1970 demoscope.ru
- ↑ Перепись-1979 demoscope.ru
- ↑ Перепись-1989 demoscope.ru(жеткиликсиз шилтеме)