Петёфи Шандор (венгрче Petőfi Sándor; 1. 1. 1823, Австрия империясы, Венгер королдугу, Кишкёрёш шаары – 31. 7. 1849, Австрия империясы, Фехередьхаза шаары) – венгр акыны, революционер демократ. 1848-49-жылдары Венгриядагы революция мезгилинде Пешттеги көтөрүлүштү жетектеген. 1844-ж. тунгуч ыр жыйнагы («Ырлар») жарык көргөн. Улуттук-боштондук күрөшкө чакыруу ырларынын негизин түзөт. Анын элдик поэзиянын салтында жазылган «Айыл барсканы», «Янош баатыр» (экөө тен 1844), «Пишта Силай» (1846), «Шалго» (1846), «Апостол» (1848) деген поэмалары, «Ургаачы жолборс жана чөө» (1845) драмасы, «Желдеттин жиби» (1846) романы, «Булут» ыр цикли, ошондой эле публицистикалары бар. Петёфинин поэзиясына социалдык-аналитикалык реализм менен рев-ячыл романтиканын биримдиги мүнөздүү. Венгр поэзиясына чоң таасир тийгизген.

Колдонулган адабияттар түзөтүү