Шантар аралдары - Охота деңизиндеги 15 аралдан турган архипелаг.

Шантар аралдары.

Хабаров крайынын курамында. Аянты 2,5 миң км2. Ири аралдары: Чоң Шантар, Феклистова, Кичи Шантар жана Беличий. Аралдардын көп бөлүгү тоолуу; бийиктиги 701 мге чейин. Негизинен кумдук жана чополуу сланец тектеринен турат. Кызыл карагайлуу жана күңүрт ийне жалбырактуу жапалак бал карагай ээлейт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4