Вячеслав Шаповалов

Шаповалов Вячеслав Иванович‎»‎ барагынан багытталды)

Акын, котормочу, адабиятчы Шаповалов Вячеслав Иванович Фрунзе шаарында 1947-жылы бештин айынын 28 (октябр) туулган. 1971-жылы КМУнун филология факультетин бүтүргөн. 1975-жылдан КСРБнин 50 жылдыгы атындагы КМУнун орус адабиятынын теориясы жана тарыхы кафедрасы-нын стажер-изилдөөчүсү, 1976–1979-жж. анын аспиранты болгон. Филология илимдеринин доктору. Профессор.

Эмгек жолун 1971-жылы Пржевальск пединститутунун окутуучусу болуп иштөө менен баштаган. 1979-жылдан КСРБнин 50 жылдыгы атындагы КМУнун орус адабиятынын теориясы жана тарыхы кафедрасынын окутуучусу, улук окутуучусу, 1982-жылдан кафедранын доценти болуп эмгектенген. Учурда КМУУнун илим жана жаңы технологиялар боюнча проректору.
Ырлары 1964-жылдан жарыялана баштаган. Биринчи поэтикалык жыйнагы «Купол неба» деген ат менен 1976-жылы басылып чыккан.
В.И.Шаповаловдун ырлары АКШда, Латын Америкасында, Францияда, Германияда, Түркияда, Югославияда, Болгарияда жарыяланып кыргыз, казак, украин ж.б. тилдерге которулган. Орус тилине кыргызча 40тан ашык китептери Токтогулдун, Калыгулдун, К.Тыныстановдун, А.Токомбаевдин, А.Осмоновдун, Т.Үмөталиевдин, С.Эралиевдин ж.б. акын-жазуучулардын чыгармаларын жана француз, англис, испан, македон, болгар, украин, казак, осетин поэзияларын которгон.
Окумуштуу, жазуучу, коомдук саясий ишмер, котормочу жана кыргыз адабиятынын пропагандисти катары 2001-жылы кыргыз адабиятына кошкон зор салымы үчүн «Данакер» ордени менен сыйланган.
1984-жылдан КСРБ Жазуучулар кеңешинин мүчөсү.
В.И.Шаповаловго «Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер», «Кыргыз Республикасынын эл акыны» – наамдары берилген.
ЮНЕСКОнун Кыргыз Республикасындагы Улуттук комиссиясынын төрагасынын орунбасары (1999), Кыргыз Республиканын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын мүчөсү (1998), Эл аралык илимдер, билим берүү, индустрия жана маданият академиясынын анык мүчөсү (АКШ)(1995), Борбордук Азия адабияты академиясынын академиги (2001), Котормочулардын эл аралык федерациясынын мүчө-корреспонденти (1988), Шериктештик Жазуучулар союзунун (КМШ) көркөм котормо боюнча Кеңешинин мүчөсү (1985), ВЛКСМ БКнын жана Кыргызстан ЛКЖС БКнын Ардак грамоталары менен сыйланган, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын ээси.

Китептери түзөтүү

Орус тилинде

Купол неба: Стихи.– Ф.: Кыргызстан, 1976. – 68 с.

Кочевье: Стихотворения и поэмы. – Ф.: Кыргызстан, 1979. – 52 с.

Старый букварь. – М.: Дет. лит., 1980. – 95 с.

Восходят травы: Поэмы,лирика. – Ф.: Кыргызстан, 1982. – 88 с.

Киргизская стихотворная культура и проблемы перевода. – Кыргызстан, 1986. – 112 с.

Прощание с журавлем: Лирика, поэмы. – Ф.: Мектеп, 1987. – 721с.

Рождение Манасчи. Поэма. – Б.: Кыргызстан, 1995. – 32 с.

Заложник: Книга стихов. – Б.: Vesta, 1997. – 204 с.

Очередной ледниковый период: Избранное. Т. 1: Лирика, поэмы. – Б., 2001.

Пылающая арча: Избранное. Т. 2: Переводы. – Бишкек, 2001.

Башка элдердин тилдеринде

La naissance d’un barde-manastchi /Pres. et transcr.: R.Dor; Trad. G.Imart. - Paris, – 1995. (Рождение манасчи. Поэма. – Париж, 1995 /Пер. на франц. яз.: Ги Имар; Предисл.: Реми Дор).

КОТОРМОЛОРУ

Орус тилинде

Шамшиев Т. Слово о панфиловцах: Стихотворения, поэмы /Пер. с кирг. В.Шаповалова, А.Никитенко, М.Ронкина, Ю.Смышляева. – Ф.: Мектеп, 1981. – 96с.

Эралиев С. За кочующими облаками: Стихотворения. Поэма /Пер.с кирг. С.Куняева, В.Шаповалова. – Ф.: Мектеп, 1982. – 123 с.

Самудинов Т. Долг: Стихотворения /Пер.с кирг. М.Ронкина, В.Шаповалова, А.Аксельруда. – Ф.: Мектеп, 1982. – 100 с.

Абдыкадырова С. Зеленый мир: Стихи /Пер. с кирг. М.Ронкина, А.Никитенко, М.Озмителя, В.Шаповалова, В.Вакуленко. – Ф.:Мектеп, 1982. – 73 с.

Токомбаев А. Надежда: Лирика и поэмы /Пер. с кирг. С.Токомбаевой, У.Токомбаева, В.Шаповалова, В.Коркина. – Ф.: Кыргызстан, 1983. – 124 с.

Эралиев С. Прекрасна наша земля: Стихи. – Ф.: Мектеп, 1984 – 14 с.

Токтомушев А. Аргамак: Стихи /Пер. с кирг. С.Куручбекова, В.Шаповалова. – Ф.: Мектеп,1984. – 16 с.

Эралиев С. За кочующими облаками. Пер. с кирг. – Фрунзе, 1985.

Пришла весна: Стихи, рассказы. – Ф.: Мектеп, 1985. – 22 с.

Уметалиев Т. Преображение: Избранное. – Ф., 1985.

Токомбаев А. Избранное. Пер. с кирг. – М.: Худож. лит., 1987.

Рыскулов Р. Избранное. Пер. с кирг. – Ф., 1987.

Арчовый костер: Переводы киргизской поэзии. – Ф.: Адабият, 1989 – 123 с.

Токтогул. Избранное. В 2-х т. Пер. с кирг. – Фрунзе, 1989.

Урмамбетов С. К родным берегам: Стихи, поэмы /Пер. с кирг. А.Бережного, Н.Пустынникова, М. Ронкина, В. Шаповалова. – Ф.: Адабият, 1990. – 144 с.