Шарьяж (франц. charrier - тоголоктоо, жетелөө, сүйрөө), тектоникалык жабынды - тектоникалык жараканын жантайынкы бети менен жылышып, орун которгон тоо тек кабаты.

Анын калыңдыгы жүздөгөн метрден бир нече километрге чейин жетет. Тоо тек катмарларынын бүктөлүүсүнөн же тектоникалык өйдө жылышуунун өөрчүүсүнөн пайда болот. Жылышып келүү тегиз же бүдүрлүү бет менен, бир кыйла аралыкка (ондогон кмге, айрым учурда жүздөгөн кмден ашык) жетиши, ири аянтты калың (жүздөгөн лгден бир нече кмге чейин) каптап калышы жана татаал түзүлүшү менен айырмаланып турат. Негизинен чөкмө жана жанартоо, кээ жерлери магма жана метаморф тектеринен турат. Шарьяж астында жаткан тоо тектери менен чогуу же өзүн гана түзгөн тоо тек катмарлары күчтүү бүктөлүүлөргө кабылган. Шарьяж көбүнчө геосинклиналь системаларында кездешет. Шарьяжды түзгөн тоо тектер аллохтон, анын астында жаткан тоо тектер автохтон деп аталат. Көпчүлүк учурда аллохтон автохтонго салыштырмалуу байыркы тектерден түзүлүп, бири-биринен курамы, пайда болуу шарты жана ар түрдүү палеогеографиялык зонага тиешелүүлүгү менен айырмаланып турат. Айрым жерлердин оёңдорунда автохтон жер бетине чыгып, тектоникалык терезени пайда кылса, дөңсөөлөрдө аллохтон эрозиялык калдык түрүндө сакталып калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4