Шах (титул) - Жакынкы жана Ортоңку Чыгыштын айрым өлкөлөрүндө, Дели султандыгында жана Улуу Могол мамлекетинде тараган монарх титулу (падишах формасында).

Шах титулу падишах жана шахиншах титулунан келип чыккан. Падишах - Азиянын айрым өлкөлөрүндө колдонулган ирандык монарх титулу. Персиддин «шах-ан-шах» («падышанын падышасы») титулунан пайда болгон. Осмон (XV-1922), Дуррани (1747-1823), УлууМоголдор (1526-1858) империялары жана Афганстандын (1926июль 1973), ошондой эле Евразия мамлекеттеринин айрым монархтары «падишах» титулун колдонушкан. Афганстанда акыркы шах Мухаммед Закир-шах 1973-ж. бийликтен кеткен. Шахиншах - Иран башкаруучуларынын Сасаниддер убагынан бери келаткан титулу. Шах Ахемениддердин «хшайатия хшайатиянам» (падышанын падышасы) деген титулунан улам келип чыккан болуу керек. Ошондуктан ахемениддер падышасы Кир II Улуу Иранда алгачкы шахиншах аталган. Бул титул үзгүлтүк менен 2500 жыл колдонулган. Ирандын акыркы шахы Мохаммед Реза Пехлеви өлкөдөгү Ислам революциясынын убагында 1979-ж. бийликтен кулаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4