Швеция
Швеция (швед. Sverige), расмий аталышы Швеция Падышалыгы (швед. Konungariket Sverige) — Түндүк Европадагы Скандинавия жарым аралында жайгашкан мамлекет.
Швеция Падышалыгы | |||||
| |||||
Урааны: «För Sverige i tiden (Бардык убакта — Швеция үчүн!)» | |||||
Гимн: «Du gamla, Du fria (Сен байыркы, сен эркин)» | |||||
![]() | |||||
Эгемендүүлүк күнү | 1-июнь 1523-жыл
( Кальмаря униясынан) | ||||
Расмий тили | швед тили | ||||
Борбор шаары | Стокгольм | ||||
Ири шаарлар | Стокгольм, Гётеборг, Мальмё, Уппсала | ||||
Башкаруу формасы | конституциялык монархия | ||||
Падыша Премьер-министр Парламенттин төрагасы |
Карл XVI Густав Ульф Кристерссон Андреас Норлен | ||||
Мам. дини | Динден тышкары мамлекет | ||||
Аянты • Жалпы • Суу бетинин %. |
55-орун - дүйнөдө 450 295 км² 8,97 | ||||
Калкы • Бааланган (2024) • Жыштыгы |
10 588 230 адам (87-орун) 25 ад./км² (198-орун-дүйнөдө) | ||||
ИДӨ (САМ) • Бардыгы (2024) • Ар бир жанга |
763,589 млрд $ (40-орун) 71 730 $ | ||||
ИДӨ (номинал) • Бардыгы • Ар бир жанга |
609,039 млрд $ (25-орун) 57 212 $ | ||||
АДӨИ | ▲0,945 (жогору) (5-орун) | ||||
Этнохороним | швед, шведтер | ||||
Акча бирдиги | Швед кронасы (SEK) | ||||
Домени | .se | ||||
ISO коду | SE | ||||
ЭОК коду | SWE | ||||
Телефон коду | +46 | ||||
Убакыт аралыгы | UTC +01:00 жайында +02:00 |
Аянты 447,435 км², калкынын саны 10 588 230 адам[1]. Калкынын саны жана аянты боюнча Скандиновая жарым аралындагы ири өлкө болуп саналат. Европа мамлекеттеринин арасында аймагы боюнча 5-орунда турат. Балтика деңизинин суулары менен чулганат. Норвегия жана Финляндия менен кургактыктагы чек арасы бар.
Борбору — Стокгольм шаары. Мамлекеттик тили — швед тили, өлкөнүн түндүгүндөгү тургундарынын арасында түндүк сами тили да кеңири колдонулат.
Швеция 2020-жылы илимий-изилдөө жана үлгүлүү конструкторлук тажрыйбаларды жасоо иштерине сарптаган каражаттары боюнча алдыңкы жыйырма өлкөнүн катарына кирген[2]. 2024-жылы глобалдык инновациялык индекстин рейтингинде 2-орунда турган.
Швеция — 1946-жылдан тартып БУУга[3], 1949-жылдан тартып Европа Кеңешине, 1952-жылдан тартып Түндүк Кеңешине, 1946-жылдан тартып ЕККУга, 1995-жылдан тартып БСУга[4], 1995-жылдан тартып Европа Бирлигине, 2024-жылдан тартып НАТОго мүчө мамлекет[5].
Этимологиясы
түзөтүүШвециянын аталышы швед тилинде Sverige деп айтылат. Бул сөз байыркы скандинавия тилиндеги «svear-rige» сөзүнөн келип чыгат жана - «свейлердин (шведдердин) мамлекти» деген маанини билдирет[6].
Географиясы
түзөтүүШвеция — Түндүк Европадагы Скандинавия жарым аралынын чыгыш жана түштүк бөлүктөрүндө жайгашкан мамлекет. Аянты боюнча (447,435 км²) Скандинавия өлкөлөрүнүн арасында биринчи, ал эми Европа өлкөлөрүнүн арасында бешинчи орунда турат.
Батышында Швецияны Норвегиядан бөлүп турган Скандинавия тоо кыркалары (Скандерна) жайгашкан. Түндүк-чыгышында Финляндия менен чектешет. Ошондой эле, Дания, Германия, Польша, Орусия, Литва, Латвия жана Эстония менен деңиз аркылуу өтүүчү чек аралары бар. Түштүк-батышында Дания менен Эресунн көпүрөсү аркылуу байланышкан. Норвегиянын башка мамлекеттер менен болгон кургактык аркылуу өткөн чек арасы (1619 км) Европадагы эң узун чек ара болуп саналат.
Швецияда 25 провинция бар. Бул провинциялар саясий же административдик максатта колдонулбайт, бирок жарандарынын арасында тарыхый маанилүү роль ойнойт. Провинциялар үч чоң аймактык бирдиктерге бириктирилген: түндүгүндө Норрланд, борборунда Свеаланд жана түштүгүндө Геталанд. Норрланд аймагы өлкөнүн дээрлик 60% ээлейт. Швецияда ошондой эле Виндельфьеллен табигый жаратылыш коругу бар, ал Европадагы эң чоң корголгон аймактардын бири болуп саналат жана аянты 562,772 гектарды же болжол менен 5,628 км² түзөт.
Климаты
түзөтүүГольфстрим агымынын күчтүү жылуулук таасириндеги мелүүн климаттуу[7][8]. Өлкөнүн түндүк аймактарында климат катаалыраак[9]. Борбордук жана түштүк бөлүктөрүндө климат деңиз климатынан континенттик климатка өтмө мүнөзгө ээ. Түштүгүндө январдын орточо температурасы 0°C — 5°C[10], ал эми түндүгүндө январдын орточо температурасы –6°C — 14°C чейин жетет[10]. Жайы салыштырмалуу салкын, түштүгүндө июлдун орточо температурасы 15°C — 17°C[10], ал эми түндүгүндө июлдун орточо температурасы 10°C — 11°C чегинде болот[10].
Швециянын бардык аймактарында кыш узакка созулат, жай кыска болот. Өлкө бардык аймактарына кар түшөт[11].
Жылдык жаан-чачын өлчөмү[10]:
- Тоолуу аймактарда 1500 — 1700 мм (айрым жерлерде 2000 ммге чейин)
- Түштүктөгү түздүктөрдө 700 — 800 мм
- Түндүк-чыгышында 300 — 600 мм
Гидрологиясы (суу ресурстары)
түзөтүүШвецияда кышкысын жааган кардан жана жаан сууларынан куралган көптөгөн дарыялар бар. Ири дарыяларына Доль-Эльвен, Турне-Эльв, Клар-Эльвен кирет. Көпчүлүк дарыялар чыгыш тарапка агып, Ботния булуңуна жана Балтика деңизине куят. Дарыялардын көпчүлүгү гидроэнергетика багытында кеңири колдонулат (өндүрүлгөн электр энергиясынын 53% ГЭСтер аркылуу өндүрүлөт).
Швецияда аянты 1 км²ден ашкан 4 миңден ашуун көл бар. Ири көлдөрү — Венерн (5585 км²), Веттерн, Ельмарен, Меларен.
Булактар
түзөтүү- ↑ Швециянын статистика кызматы. Калктын статистикасы
- ↑ Европа бирлиги жөнүндө маалымат порталы. Илимий изилдөө жана технологиялык өнүгүү саясаты
- ↑ Бириккен Улуттар Уюмунун мүчөлөрү
- ↑ Бүткүл Дүйнөлүк Соода Уюмуна мүчө мамлекеттер
- ↑ НАТОго мүчө мамлекеттер
- ↑ Поспелов Е.М. Дүйнөдөгү географиялык аталыштар. Топонимикалык сөздүк
- ↑ LDEO. Гольфстрим жана Европанын климаты жана анын кескин өзгөрүүсү
- ↑ BBC. Гольстрим
- ↑ SLU. Түндүк климаттын артыкчылыктары
- ↑ 10.0 10.1 10.2 10.3 10.4 Швециянын климаты. Аба температурасынын тарыхий маалыматтары
- ↑ Springer Nature Limited. Арктикадагы деңиз муздарынын жоголушу Европадагы кардын катуу жаашына алып келет
Тышкы шилтемелер
түзөтүүБул бүтүрүлбөгөн, Макаланын даярдамы макала. Сиз, муну оңдоп жана толуктап Уикипедияга долбоорго жардам бере аласыз. |