Швец-Базарный, Григорий Иванович

Швец- Базарный Григорий Иванович (1878, Россия, Воронеж губерниясы, Павловка уезди–1947) – Түндүк Кыргызстанда (Пишпек уездинде) Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшкөндөрдөн. 1905–1907-жылы революциячыл кыймылга катышкан. 1917-жылдын жайынан Пишпекте солдаттар арасында революциячыл иш жүргүзүп, анын ичинде Иваницин жана И.С. Меркундун большевиктер тобу менен байланышта болгон. 1918-жылдан Пишпек солдат, жумушчу депутаттар Советинин төрагасы болуп иштеген. «Пишпекский листок» гезитинин редакторлорунун бири. Кийин чарба кызматтарында иштеген.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.