Шекафтар
Шекафтар (кырг. Шекафтар) — Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусуна караштуу Чаткал районундагы айыл. Сумсар айыл аймагынын курамына кирет. Чаткал кырка тоосунун түштүк-чыгыш этегинде. Райондун борбору Каныш-Кыядан 160 км түштүк тарапта, темир жол бекетинен 120 км алыстыкта жайгашкан.
Отурукташкан жай
Шекафтар
|
Тарыхы
түзөтүүЭлдик уламыштар боюнча айылдын аталышы “Шаа - хан, падыша жана кептер бөлүктөрүнөн туруп, падышалык кептер маанисин билдирет. Тыбыштык өзгөрүүлөрдөн Шакафтар аталган.
- 1926-28-жылдары Жалал-Абад кантонунун Чаткал болуштугунун борбору болуп турган.
- 1953-жылга чейин уран кени казылып алынган.
Калкы
түзөтүүКалкы - 2587 киши[1]. Айылда фермердик чарба, облустук адистештирилген оорукана, «Тулпар» акционердик коомунун куюу цехи, 2 орто мектеп (Ленин атындагы гимназия жатак-мектеби, Гагарин атындагы орто билим берүү мектеби) бала бакча, китепкана, маданият үйү (300 орундуу), стадион, оорукана (бейтапканасы менен), дүкөндөр ж.б. иштейт.
Булактар
түзөтүүЧаткал району: Энциклопедия / авт.-түз. А.Орозов и др. - Б.: «Принт Экспресс» б., 2015. - 368 б., илл. ISBN 978-9967-27-851-6