Фридрих Шиллер (1759-1805) - Немец элинин улуу акыны жана драматургу искусствонун теоретиги жана -тарыхчысы.

Туулган жери:

Германия

Ишмердүүлүгү:

драматург, поэт

Багыты:

романтизм

Өмүрү таржымакалы түзөтүү

Фридрих Шиллер 1759-жылы 1-ноябрда Марбах шаарында офицер-фельдшердин үй-бүлөсүндө туулган. Алгач аскер мектебин, кийин академиянын медициналык бөлүмүн бүткөн. И.В Гете менен достук, чыгармачылык байланышта болгон. Ал 1805-жылы Веймарда каза болгон.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Акын жалаң гана ыр жанрында эмес, драматургия жанрында көп эмгектенген. Анын "Каракчылар» (1781), "Фиесконун Генуядагы заговору» (1783), «Жүзү каралык жана сүйүү" (1784) деген трагедиялары, классикалык мыкты чыгармалары бар. Шиллердин чыгармаларында Германиянын реалдуу турмушунун картиналары ачык-айкын көрсөтүлгөн. Социалдык теңсиздикке, жакшы нерселерге олку-солкусуз жетилген көз карашта баа бергенде анын даңкын ого бетер бийиктикке жеткирген. Немец адабиятынын ошол мезгилдеги эң көрүнүктүү өкүлдөрү Лессингинин, Гетенин жана Шиллердин чыгармалары немецтин улуттук маданиятынын тарыхында бүтүндөй бир доорду түзгөн. Немец классикалык драматургиясынын улуу ишмери Фридрих Шиллердин идеал менен тыкандыктыгы анын, теңдик менен боштондукка чакырган «Жүзү каралык жана сүйүүсүн» кыргыз элине биринчи жолу 1956-жылы Кыргыз мамлекеттик драма театры тартуулаган. Чыгармалары дүйнө элдеринин тилдерине (кыргыз тилинде да) которулган.

Эмгеги тууралуу ар кыл баалар түзөтүү

Фридрих Энгельс «Жүзү каралык жана сүйүнүү» немец адабиятынан биринчи саясий тенденциялуу драма,- деген. Окуя 1700-жылы Түштүк Германияда өткөн. Немецтик феодализмдин бийлигинин укуксуз бюргерлик массаларды боштондукка, теңдикке чакырган. Драмада дүйнө-мүлктүү, окшош колун да бар өзүнөн башканы теңине албаган үркөрдөй болгон адамдар менен турмуштун оор мезгили. Азап тарткан укуксуз адамдардын ортосундагы курч күрөш баяндалган. Өзгөчө анда адамдын назик сүйүүгө болгон туруктуулугу көрүүчүлөрдү өзүнө тартат. Ал 1784-жылы Маннгеймдин ыкмасында коюлган. Ошондон бери дүйнөлүк театрдын сахнасынан түшпөй коюлуп келе жатат.

Эмгеги түзөтүү

Акындын коом жана искусствого болгон көз карашы «Шаттык ырлары» (1785), «Греция кудайлары» "Сүрөтчүлөр» (1789) деген философиялык лирикаларында берилген. Анын «Валленштейн» (1798-ж. тарыхый училтигиндеги кол башчы Валленштейндин образы татаал чиеленишкен саясий жана - стратегиялык конфликттердин негизинде чечилсе, «Мария Стюарт» (1801) трагедиясында башкы жарандын психологиясы аркылуу буржуазиялык мамлекет менен жеке адамдын ортосундагы мамиле сүрөттөлгөн. «Орлеан кызында» (1801) француз элинин баатыр кызы Жанна Дарктын образын түзсө, "Вильгельм Телль» (1804) деген драмасында элдик боштондук курөш темасына кайрылып Швейцария мамлекетинин легендарлуу баатыры тууралуу жазган. Шиллер көп баллада, ода, көркөм проза, илимий эмгек калтырган.

Адабият түзөтүү

  • ШИЛЛЕР Ф. Мария Стюарт: Трагедия / Котор.: Эралиев С. - Ф.: Мектеп, 1975. - 184 б.
  • ШИЛЛЕР Иоганн Кристоф Фридрих // Кыргыз Совет Энциклопедиясы. - Ф., 1980, - Т. 6. - Б. 463
  • ИМАНКУЛОВ Ж. Г~узу каралык жана суйуу» // Жаш ленинчи. - 1956. -12-окт
  • КАРАВАЕВ Б. Шиллер кыргыз сахнасында // Сов. Кыргызстан. - 1956. -14-дек.