Шимпанзе (Pan) - киши сымал маймылдар уруусу.

Дене уз. 150 см, салмагы 50-60 кг. Колу бутунан узун, манжалары шадылуу, баш бармагы калган манжаларына карама-каршы жайгашкан, үстүңкү эрини калбагай, мурду тенире кей, кичине, жүнү кара, сейрек, бети түксүз. Башы анча чоң эмес, тумшугу алдын карай созулуңку. Кулагы чоң, делдегей. 2 түрү (кадимки Шимпанзе, кидик Шимпанзе) Африка экваторунда токой жана ачык ландшафттарда жашайт. Тиричилиги жарым жартылай жерде өтөт. Азыгы жетиштүү болсо деле бир жерден экинчи жерге оошуп жүрөт.

Ылгабай азыктанат, куштар ж. б. майда жаныбарларды да жейт. Жыныстык жактан 6-10 жашында жетилет. 225 күн көтөрүп, бир бала тууйт, аны 3-4 жашка чейин эмизип багат. Ш. 50-60 жыл жашайт, чогулуп топ түзүп жүрүшөт. Алар бири бири менен үн сигналдары, жаңсоо, мимика ж. б. аркылуу байланышат. Шимпанзе лабораториялык жаныбар катары көп колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4