Шифр (фр. chiffre) -

1) жашыруун билдирүүлөр үчүн белгилердин системасы;

2) документтерди каттоодо колдонулуучу шарттуу белгилердин (цифра же тамгалардан турган ариптер) жыйындысы;

3) китепканалык Шифр - басма сөз чыгармаларынын китеп сакталуучу жайдагы ордун билдирүүчү шарттуу белги. Чыгармалардын өзүндө жана аларга таандык каталогдук карточкаларда белгиленет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4