Шиш-Дөбө шаар калдыгы - 6-12-кылымга таандык археологиялык эстелик.

Кара-Балта шаарынын түндүк тарабынан орун алган. Ал төрт чарчы коргондолгон эки катар дубал чептен турат. Ички чептин уз. 12 км, сырткы дубалдыкы 28 км. Шаар эки бөлүктөн: борбордук бөлүктөн жана аны айланта калк жашаган шахристандан турган. Цитадели шаардын түштүк-батыш тарабында жайгашкан. Археологиялык казуу иштери шаардын борбордук урандыларында жүргүзүлүп, турак-жайлар, чарбалык маанидеги курулуш бөлмөлөрү, карапа идиштер, айнектен, металлдан жасалган буюмтайымдар, ошондой эле 11-12-кылымдагы караханиддер дооруна таандык күмүш жана жез тыйындар табылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4