Шкиль, Николай Михайлович

Шкиль, Николай Михайлович (1937, Одесса облусу, Великий-Михайловский р-ну, Путилов кыштагы)–геолог, СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1976). Фрунзе политехника ин-тун бүткөн (1961). Кыргыз ССР геол. башкармалыгынын Түштүк Кыргызстан геол. экспедициясында техник-геолог, Чүй геол. экспедициясында техник-геолог, геолог, Үчкошкон геол. экспедициясында улук геолог, начальник, башкы геолог (1965–92), Кыргызстандагы жаңы табылган кен байлыктарды изилдөөгө ж-а чалгындоого активдүү катышкан. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү