«Шура-и Ислам» (араб- «Ислам кеңеши») – 1917–18-жылы Түркстандагы диний-саясий уюм. 1917-жылы мартта Ташкенде түзүлгөн. Ага улуттук буржуазия, улутчул интеллигенция, мусулман дин кызматкерлеринин өкүлдөрү кирген. «Шура-и Ислам» убактылуу өкмөттүн Түркстан комитетинин өкүлү болуп, жергиликтүү капиталисттердин жана жер ээлеринин кызыкчылыгын көздөп, Россиянын курамында Түркстан улуттук-мусулман автономиясын түзүү жана менчик үчүн күрөшкөн. Анын бөлүмдөрү Түркстандын бардык шаарларында иш жүргүзгөн. «Шура-и Исламда» жадиддер жана уламачылар (дин кызматкерлери) өз ара бийлик үчүн күрөшкөн. 1917-жылы июнда уламачылар «Шура-и Исламдан» чыгып, «Шура-и-Улама» («Аалымдар кеңеши») уюмун түзгөн. Октябрь революциясынан кийин «Кокон автономиясын» жарыялашат. Бул уюмдар (мусулмандардын коомдук-саясий, маданий реформаторлору) 1918-жылы февралда «Кокон автономиясы» талкалангандан кийин бул эки уюм тең жоюлуп, анын мүчөлөрү басмачылык кыймылга кошулуп кетишкен.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.