Шырдак — кийизден жасалып, жерге салынуучу үй буюму. Бети эки бөлүктөн – ортосу (Орто шырдактагы орточо узундугу 2-2,5 м.) жана четинен (25-35 см.) турат да, кыюусу (6-10 см.), жээги (0,5-1,0 см.) болот. Адегенде шырдактын кийизи жасалат. Кийизи кылчыксыз жүндөн уютулат. Кылчык жүн боекту жакшы албайт.Ак кийизден керектүү өлчөмдүү шырдактын бөлүктөрү бычылат. Ал түс айкалышына карай ар кыл түскө боелот. Боелгон эки бөлөк түстөгү кийиз өңүнөн биринин үстүнө бири коюлуп, көктөлүп, бетине оюм түшүрүлөт. Оюмдарга – ортосуна «кыял», «мүйүз», «жалпы», «табак», «бадам» сыяктуу чоң оймолор четине «кочкор мүйүз», «сыңар мүйүз» ж.б. кирет. Түшүрүлгөн оюм боюнча бычак менен кылдат кесилет. Оюлган кийиздер ажыратылып, бир түстүн оюму экинчисине дал келтирилип, кыналыштырып тигилет. Ал жерге оң, сол ийрилип чыйратылган үч кат түстүү үч жиптен, үстү бастырылма милте (жөрмөмө жип сыртына чыгарылбайт) жөрмөлөт. Ортоңку бөлүгү чети менен кыюу аркылуу бириктирилет. Четине да кыюу салынат. Алар, мисалы, ортоңку бычак учу, четки бычак ж.б. деп аталат. Бардыгы бүткөндө кара кийизден ичилиги ичтелип, шоона менен шырылат. Шоона үчүн көбүнчө төөнүн жүнү пайдаланылат. Четине милтеникиндей үч жиптен ( мисалы эки четкиси көк, ортоңкусу ж.б.) жээк бастырылат.

Шырдак
Шырдак

Кыргыз шырдагынын жасалышында жергиликтүү өзгөчөлүктөргө карай анын аты да ар кайсы жерде ар башкача аталат : "шырымал", "төрбөлжүн", "оймо теке", "ободо", "түр кийиз" ж.б. Өлчөмүнө карай чоң (420 ×180 см), орто (330 ×150 см), кичине (250×100 см) шырдак болуп бөлүнөт. Шырдак жасаган уздун чеберчилигине жараша ар кандай оюмдар салынып, бир нече өң ич ара жупташтырылып, керектүү өлчөмдө жасалат. Шырдак — жерге салса да, бүктөп жыйып койсо да үйдүн көркү.

Шырдакты сактоо түзөтүү

Ш.ты туура күтө билүү аны пайдалануу мөөнөтүн узартат. Ал үчүн шырдакты ар дайым кургак кармап, шыпырып, чаң соргуч менен тазалап, күбүп (кышында тоңолок карга чаап), мезгили менен күнгө жайып туруу керек. Шырдакка күбө курту өтө эле өч. Ошондуктан жыйылып турганда ага нафталин сээп же аны баштыкчага салып, арасына коюп, . шыбак, эрмен коюп койсо күбө жолобойт.