ШЮЦ Альфред (1899–1959) – австро-америка философу жана социологу, феноменологиялык социологиянын негиздөөчүсү. 1939-ж. тартып АКШда жашаган. Философиялык теорияда экзистенциализмге жакын турган трансценденалдык эмес феноменологияны иштеп чыккан. Түшүнүүчү социология багыты боюнча өзүнүн үлгүсүн сунуш кылып, Гуссерль тарабынан коюлган абстрактуу илимий категориялар менен күндөлүк турмуш чөйрөсүнүн, билим менен иш-аракеттин ортосундагы түздөн-түз байланышты орнотуу жонундөгү милдетти чечүүгө аракеттенген. Социалдык иш-аракеттин ички жүйө-себептери, кадыресе таанып-билүүнүн түрлөрү жана методдору, адамдардын ортосундагы өз ара мамиленин, рационалдуулуктун структурасы боюнча изилдөөлөрдү жүргүзгөн. Шюцтун негизги чыгармалары «Colleced papers» v.1-3, The Haguc, 1962-1966-жылы жарыяланган.