Ылымта аралдар, Түштүк Антил аралдары (голл. Benedenwindse Eilanden Islas Sotavento) - Кариб деңизиндеги топ арал, 64° батыш узундуктан батышка карай жайгашкан.

Кичи Антил аралдары архипелагынын түштүк бөлүгү. Ы. а-га Аруба, Кюрасао, Бонайре (Нидерланд Антил а-нын курамында), Авес, Лос Рокес, Орчила, Бланкилья жана Лос-Эрманос (Венесуэланын курамында, федерация укугуна ээ) аралдары кирет. Аянты 1,2 миң км2. Ири аралдарынын көп бөлүгү дөңсөлүү (бийиктиги 372 мге чейин, Кюрасао а-нда). Сорго, батат, банан плантациялары бар; кой, эчки асыралат. Нефть ылгоо (Ы. а-дын Нидерландга таандык бөлүгүндө) өнөр жай бар.

Ири шаарлары: Виллемстад (Кюрасао а-нда), Ораньестад (Аруба а-нда). Аты аралдын түндүк-чыгыш пассатка карата ыктоо жайкашкандыгынан улам келип чыккан. Лос-Рокес а. - улуттук парк (1973-ж. уюшулган).

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4