Ымыркайлардын төрөттөн жабыркашы

Ымыркайлардын төрөттөн жабыркашы — төрөт маалында ымыркайдын орган жана ткандарынын залал тартышы.

Ошондой эле эненин катуу оорусу, кеч талгак болуу, зат алмашуунун, жатын менен баланын жонунда кан айлануунун бузулушунан түйүлдүккө кычкылтек жетпегенде болот. Мындан сырткары ымыркай төрөттүн тез болушунан же көпкө созулушунан, төрөт мезгилинде баланын туура эмес келишинен да жабыркайт. Көбүнчө айына жетпей же өтө чоң төрөлгөн ымыркайлар дуушар болот. Мында ымыркайдын колу-буту чыгып же сынып кетиши, омуртка тутуму жабыркашы, тери астына кан куюлушу жана башкалар мүмкүн. Баштын жабыркашы (мээге, мээ кабыгына кан куюлуу) өтө коркунучтуу. Ал көбүнчө түйүлдүккө кычкылтектин жетишсиздигинен болот. Оору төрөттөн кийинки 2—3 күндө байкалат. Ымыркай катуу чаңырып ыйлайт, тыбырчылап тынчсызданат. Айрым булчуңдары тырышып, тартылат (көбүнчө бети). Андан кийин бала көп уктайт, эмчекти начар эмет же такыр эме албайт, жай дем алат, териси бозоруп, буттары муздайт, дене температурасы төмөндөйт. Мындай учурда баланы тынч бөлмөгө жылуу ороп, башын өйдө кылып жаткырып, тийиштүү дарылоо жүргүзүлөт. Ымыркайга эненин сүтү пипетка же зонд менен берилет.

Ымыркайлардын төрөттөн жабыркашын алдын алууда кош бойлуу кезинде аялдар консультациясында жана төрөт үйүндө врачтын көзөмөлүндө болуу, врачтын сунушун так аткарып, аялдар консультациясына убагында кайрылып туруу зарыл. Кош бойлуу аял кеч талгак болгондо же айрым оорулар менен ооруганда төрөт үйүнө жаткырылып, керектүү дарылоо жүргүзүлөт.


Колдонулган адабият түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8