Ысык-Көл эл аралык аба майданы
«Ысык-Көл» эл аралык аба майданы — “Манас” эл аралык аба майданы” ачык акционердик коомунун курамына кирген 5 эл аралык аба майданынын бири. Аэропорт заманбап өңүттө курулган жайлуу, ыңгайлуу авиациялык борбор.
![]() Ысык-Көл эл аралык аба майданы
| |
Маалымат | |
---|---|
Түрү |
Коомдук |
Өлкө | |
Жайгашкан жери | |
Координаттары: 42°35′18″N 76°42′48″E / 42.588333333333°N 76.713333333333°E | |
Эксплуатанты |
Government |
Хаб үчүн | |
Деңиз деңгээлинен бийиктиги |
1,653 |
Карта | |
![]() ![]() IKU (ИКУ) | |
Взлётно-посадочные полосы | |
Аэропортту куруу иштеринин башталышы: 1975-ж.
Пайдаланууга берилген жыл: 2003-ж.
Жайгашкан жери: Чолпон-Ата шаарынын батыш тарабынан 35 км, ал эми Тамчы айылынан 5 км алыстыкта жайгашкан.
Аэродромдун классы: 4D
Учуп-конуу тилкеси: 3800х45м.
Реконструкция: 2015-жылы “Ысык-Көл” эл аралык аэропортуна реконструкция жүргүзүү” долбооруна ылайык учуп-конуу тилкеси 1800 м. узартылган, рулеждик жолчону куруу (1212 м. чейин), ТУ-154, ТУ-204, Боинг-737, Боинг-757, А-319, А-321 учактар үчүн перронду кеңейтүү үчүн курулуш иштер жүргүзүлгөн.
2016-жылы реконструкция иштеринин II этабы аяктап. ИКАОнун биринчи категориясы боюнча жабдыктар, электр жарыктандыруулар орнотулуп жана ошондой эле аэробекетти кеңейтүү үчүн курулуш иштер жүргүзүлгөн. Натыйжада, аэропорт аба ырайынын ар кандай шарттарына карабастан, күнү-түнү учактарды кабыл ала алат.
2016-жылы «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту IATA тарабынан берилген IKU кодун алган.