Э́зра Мэ́ттью Ми́ллер (англ. Ezra Matthew Miller, 30-сентябрь, 1992, Уайкофф, Нью-Джерси, АКШ) — америкалык актёр жана музыкант.

Эзра Миллер
Ezra Miller
Ezra Miller by Gage Skidmore 2.jpg
Эзра Миллер 2016-жылы
Төрөлгөндөгү ысымы:

Эзра Мэттью Миллер

Туулган датасы:

30 -сентябрь 1992(1992-09-30) (30 жаш)

Туулган жери:

Уайкофф, Нью-Джерси, АКШ

Жарандыгы:

Flag of the United States.svg АКШ

Кесиби:

актёр, ырчы

Карьерасы:

2006 — азыркы учурда

IMDb:

ID 3009232


БалалыгыОңдоо

Эзра Миллер немис улутундагы бийчи Марта Миллердин жана Hyperion Books басмаканасынын вице-президенти еврей улутундагы Роберт Миллердин үй-бүлөсүндө туулган. Анын Сайя жана Кейтлин аттуу эки эжеси бар. Сүйлөө дефектин токтотуу үчүн ырдоо менен алектенип баштаган. Метрополитен-опера театрынын оюндарына, алты жашында Филип Гласстын «Ак Карга» аттуу заманбап операсынын премьерасына катышкан. Хадсон аймагында «The Hudson School» жеке мектебинде окуган

КарьерасыОңдоо

Эзра Миллер кинодо жана телевидениеде 2006-жылдан тарта тартылып келет. Анын телевидениедеги иштеринин арасында «Californication», «Мыйзам жана тартип: Атайын корпус» и «Урматтуу доктор» аттуу сериалдардагы негизги эмес ролдор бар. Көп убакыт аралыгында чоң экранда «Бүтүрүүчүлөр», «Сити-Айленд», «Гонзону унутпа», «Ар бир күн», «Туугандар», «Кевинге эмне болду» и «Жоош болгон жакшы» сыяктуу көз каранды эмес тасмаларга тартылып жүргөн.

2016-жылда тарта «Фантастикалык жаныбарлар» тасмаларынын сериясында Криденс Бэрбоундун жана DC киноааламында Барри Аллендин ролдорун аткарып келет.

Кинодон тышкары Миллер музыка менен алектенет — ал «Sons of an Illustrious Father» тобунда барабанчы жана вокалист.

Жеке жашоосуОңдоо

Эзра өзүн квир катары эсептейт, демек өзүн айкын бир жыныска жана сексуалдык багытталууга кошпойт.

ТасмаграфиясыОңдоо

Жылы Кыргызча аталышы Нуска аталышы Ролу
2006 Космостон торт Cakey! The Cake from Outer Space тентек
2007 Критикалык сокку! Critical Hit! Жек
2008 Бүтүрүүчүлөр Afterschool Роберт
2008 Бузук Калифорния Californication Дэмиен
2009 Сити-Айленд City Island Винни Риццо
2009 Мыйзам жана тартип: Атайын корпус Law & Order: Special Victims Unit Итан Морс
20092010 Урматтуу доктор Royal Pains Такер Брайант
2010 Гонзону унутпа Beware the Gonzo Эдди «Гонзо» Гилман
2010 Ар бир күн Every Day Джона
2011 Туугандар Another Happy Day Эллиот Хеллман
2011 Кармалган басуу Busted Walk Джей
2011 Кевинге эмне болду We Need to Talk About Kevin Кевин Хачадурян
2012 Жоош болгон жакшы The Perks of Being a Wallflower Патрик
2014 Бовари айым Madame Bovary Леон Дюпюи
2015 Стэндфорд түрмө эксперименти The Stanford Prison Experiment Дэниэл Калп / 8612
2015 Ийгиликсиз кыз Trainwreck Дональд
2016 Уолдо кайда? Where's Waldo? агент Мурмур
2016 Бэтмен Суперменге каршы: Адилеттик шооласында Batman v Superman: Dawn of Justice Барри Аллен / Флэш
2016 Жан кечтилер тобу Suicide Squad Барри Аллен / Флэш
2016 Фантастикалык жаныбарлар жана алар кайда жашашат? Fantastic Beasts and Where to Find Them Криденс Бэрбоун
2017 Адилеттик лигасы Justice League Барри Аллен / Флэш
2018 Фантастикалык жаныбарлар: Грин-де-Вальддын кылмышы Fantastic Beasts: The Crimes of Grindelwald Криденс Бэрбоун / Аурелиус Дамблдор

ТиркемелерОңдоо

ШилтемелерОңдоо