Эклогит - метаморфизмделген бүртүкчөлүү тоо тек.

Массивдүү, начар сланецтешкен. Негизинен пироксен (омфацит), гранат, кварц жана рутилден турат. Курамында аз санда кианит, бронзит, калийлүү талаа шпаты, плагиоклаз, амфибол кезигет. Акдессор минералдары: сфен, цеозит ж. б. Химиялык курамы боюнча габбро жана базальтка окшош. Тыгыздыгы 3,3-3,7 г/см3, бекем, өңү курамындагы басымдуулук кылган минералга жараша: омфадит басымдуулук кылса жашыл, гранат - кызгылт түстүү келет. Эклогит жердин терең катмарларындагы габбро түрүндөгү тектерден суусуз шартта, жогорку басымда пайда болот. Жаратылышта өтө сейрек учурайт. Уралдын уюлдук бөлүгү менен түштүгүндө кезигет. Эклогит менен рутилдин кени байланыштуу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4