Экономикалык райондоштуруу

Экономикалык райондоштуруу - өлкөнү тарыхый калыптанган экономикалык райондорго, өлкөнүн эл чарбасын экономикалык-географиялык жактан алганда экономикасы жана өндүрүштүн адистештирилиши жалпы олуттуу өндүрүштүк ички байланыштары бар өз алдынча аймактык бөлүктөргө бөлүү.

Экономикалык райондоштуруу тармактык жана жалпы же интегралдык болуп бөлүнөт. Тармактык Экономикалык райондоштурууда райондор кандайдыр бир экономикалык белгилерине жараша бөлүнөт; интегралдык Экономикалык райондоштуруу да ошол райондун бардык чарбасы комплекстүү каралат. Экономикалык райондоштуруу ээлеген аймагы боюнча ар кандай өлкөнүн, ири райондун же кыйла чектелген аймактын масштабында болушу мүмкүн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9