Экстракция – суюк жана катуу абалдагы заттар алардын аралашмасынан тандалган экстрагенттер жардамы менен бөлуп алуу процесси. Экстрагенттерге суу менен аралашпай турган орг. эриткичтер кирет. Аралашмадагы заттар сууда жана орг. эриткичтерде бирдей эрибегендиктен Э. бир фазадан экинчи фазага өтүп турат. Э. төмөнкүдөй негизги операция турат: заттар алгачкы аралашмасы менен экстрагент беттелиши; 1) пайда болгон эки фазаны бөлүү; 2) экстрагентти ар бир фазадан ажыратуу жана регенерациялоо; 3) эритмеден Э. анын эриткичи менен экстрагент өз-ара эрибөөгө тийиш. Экстрагент чөйрөсүндөгү зат эритмеси экстракт деп аталат. Экстрагентти экстрактан регенерациялоону, буулантуу, дистилляциялоо, кристаллдаштыруу жана башка методдор менен жүргүзөт. Колдонулуучу экстрагент төмөнкүдой өзгөчөлүктөргө ээ болушу керек: 1) селективдүүлүгү; 2) жеңил регенерацияланышы; 3) баштапкы эриткичтен тыгыздыгы боюнча кескин айырмаланышы жана начар илээшкектиги; 4) химиялык жактан инерттүүлүгү, аз учмалуулугу, ууландырбоочулугу, арзандыгы жана оңой табылышы. Э. процессинин жакшы жактары: 1) жумушчу темп-расынын төмөндүгү; 2) суюлтулган эримеден негизги жана зыяндуу кошунду затты бөлүп алуунун натыйжалуулугу; 3) кайноо темп-ралары жакын заттар жана азеотроптук аралашмаларды бөлүү мүмкүнчүлүгү; 4) ректификация менен ыңгайлуу айкалышы; колдонулуучу аппаратуранын салыштырмалуулугу жана аны автоматташтыруунун жеңилдиги.

Колдонулган адабияттар түзөтүү