Электрод - электр-химиядагы иондук өткөрүүчүгө (электролитке) салынган электрон-өткөрүүчү (металлдар же жарым өткөргүчтөр) фаза.

Электрод.

Фазалардын тийишкен чектеринде потенциалдардын айырмасы пайда болот. Эгер эки электродду өткөргүчтөр менен туташтырса, электр тогун өткөрүүчү чынжыр пайда болот. Чынжыр аркылуу ток жибергенде Электроддо электр-химиялык реакция жүрөт. Электрод анод жана катод деп бөлүнөт. Аноддо окистенүү, ал эми катоддо калыбына келүү реакциялары жүрөт. Өздөрүнүн иондорун алып жүрүүчү эритмеге матырылган металлдар же металлоиддерден турган система 1-түрдөгү Электрод деп айталат. Мис., жез тузунун эритмесине салынган жез менен эритменин чегинде Cu Си2 +2е теңсалмактуулугу пайда болот. 1-дүрдөгү Электродго аммьгамалык Электрод да кирет. Начар эрүүчү туз (же кычкыл) катмары менен капталган металл ушул туздун анионун (кычкылдар үчүн ОН ион) алып жүрүүчү эритмёге матырылган болсо, апынган система 2-түрдөгү Электродду түзөт - каломелдик, хлордуу күмүш ж. б. Электрод Эки начар эрүүчү туз менен капталган Электрод 3-түрдөгү Электрод деп аталат. Мис., РЬ2+ | РЬС12, AgCİ системасында.

Колдонулган адабияттар түзөтүү