Электр аккумулятору - электр энергиясын чогултуп, химиялык энергияга айландырып, керектөөгө жараша кайра электр энергиясы алынуучу, көп жолу пайдалануучу химиялык ток булагы.

Анын жумушка жөндөмдүүлүгү заряддоо, токко туташтыруу аркылуу калыбына келтирилет. Электр аккумулятору электролит эритмесине малынган 2 электроддон турат. Ал иштөө мөөнөтү же заряддалуу-разряддалуу циклдеринин саны; сыйымдуулугу (разряддалган учурдагы жумшалуучу электр саны); заряддалуу жана разряддалуу учурундагы орточо чыналуу аркылуу мүнөздөлөт. Электр аккумулятору электр-химиялык схемага жараша - коргошундуу (к-талуу), темир-никелдүү, кадмий-никелдүү (щёлочтуу), күмүш-динктүү жана күмүш-кадмийлүү болот. Ал автомобилдерде, учактарда (самолётто), кино тартуучу аппараттарда ж. б. объектилерде колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4