Электр трансформатору - магнит талаасынын жардамы менен электр энергиясын өзгөрмө токтун бир чынжырынан экинчисине жыштыкты өзгөртпөй туруп өткөрүп берүүчү электр-магниттик түзүлүш.

Трансформатор чыңалууну жогорулатат (жогорулатуучу трансформатор) жана төмөндөтөт (өлчөөчү трансформатор) же энергияны кандай чоңдукта алса ошондой эле өткөрүп берет (бөлүштүргүч трансформатор). Трансформаторлор жогорку п. а. к.-не ээ болот: кубаттуулугу азында 97%ке, кубаттуулугу чоңунда 99%ке чейин. Анын конструкциясы бышык жана өткөрүү кубаттуулугунун бирдигине карата наркы салыштырмалуу төмөн. Электр трансформатору болоттон жасалган пластиналардан турган магнит өткөргүчтөн турат. Магнит өткөргүчтө бири-бирине жакын жайгашкан эки түрмөк - биринчиси Р, экинчиси S, болот, к. Трансформатор.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4