Асанкулова Эльвира Керезбековна - (2. 6. 1962-ж. туулган, Чүй облусу, Ысык-Ата району, Сынташ айылы) - опера ырчысы (колоратуралык сопрано), КРнын эл артисткасы (2003). 1970-ж. М. Абдраев атындагы Республикалык музыкалык мектеп-интернатын, М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайынын фортепьяно классын бүтүргөн, 1989-93-ж. Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда окуган. 1993-жылдан А. Малдыбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик опера жана балет театрынын ырчысы. 1996-97-ж. Италиянын Кальи шаарында Марьо Дель Монако академиясында ырдоо билимин өркүндөткөн. Дж. Вердинин «Риголеттосунан» Жильданын, «Травиатасынан» Виолеттанын, Россининин «Севильялык чач тарачынан» Розинанын, В. А. Моцарттын «Сыйкырдуу флейтасынан» Түнкү канышанын, Ж. Каныметовдун «Ак Мөөрүнөн» Ак Мөөрдүн ж. б. ролдорду аткарат. Башкы партияларды ырдоо м-н дүйнөлүк, орус, кыргыз композиторлорунун арияларынан үзүндүлөрдү, романстарды, ырларды да жогорку чеберчиликте аткарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1