Сурабалдиева, Эльвира Жыргалбековна

саясатчы
Эльвира Сурабалдиева‎»‎ барагынан багытталды)

Эльвира Жыргалбековна Сурабалдиева — ишкер, саясатчы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттыгына талапкер.

Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна
Эльвира Сурабалдиева
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылыштагы депутаты
желек
желек
4-октябрь 2015-жыл — 27-октябрь 2020-жыл
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин милдетин аткаруучу
желек
желек
октябрь 2020-жыл — февраль 2021-жыл
Андан мурунку: Аида Исмаилова
 
Туулган жылы: 23 -ноябрь 1978(1978-11-23) (45 жаш)
Туулган жери: Бишкек
Атасы: Жыргалбек Сурабалдиев
Билими: Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети


Өмүр баяны түзөтүү

Эльвира Сурабалдиева 1978-жылы 23-ноябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын эң улуусу, эки сиңдиси, бир иниси бар. Атасы Жыргалбек Сурабалдиев Сокулук районунан чыккан белгилүү ишкер болгон. Кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Апасы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун кызы.[1]

Билими жана эмгек жолунун башталышы түзөтүү

Эльвира 2000-жылы Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча аяктап, билимин Улуу Британиянын Бристоль университетинде ушул эле адистик боюнча уланткан.

2004-2006-жылдары Социалдык фонддун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүндө катардагы адистен бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлгөн.

2006 — 2015 —жылдары Бишкек шаарындагы "Кудайберген" автоунаа базарынын башкы директору болуп иштеген.

Саясий тажрыйбасы түзөтүү

Сурабалдиева Эльвира 2015 — жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Кыргызстан социал-демократтар партиясынан (КСДП) Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп шайланган. 2020-жылы октябрда Сурабалдиева Ата-Мекен партиясы менен шайлоого катышкан. 2020-жылы 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өткөн шайлоо көпчүлүк элдин толкундоосунан кийин жокко чыгарылып, VI чакырылыштын депутаттары кийинки шайлоого чейин мөөнөтү узартылган. 2020-жылы 27-октябрда эл өкүлү өз ыктыяры менен мандатын тапшырган.[2]

2020 - жылдын 28-октябрында Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2021-жылдын февраль айында өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп, бул кызмат орду жоюлган.

Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышуу (2022) түзөтүү

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарынын төрт шайлоо округунун экөөсүндө “Баарына каршы” варианты эң көп добушка ээ болуп, алардан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлай алышкан эмес. 28-ноябрда БШК төрайымы Нуржан Шайылдабекова «Бишкектин айрым шайлоо участкаларында "баарына каршы" варианты талапкерлерге караганда көбүрөөк добуш алып «Шайлоо мыйзамынын 37-беренесине ылайык, мындай учурларда шайлоо жараксыз деп табылып, кайра шайлоо дайындалат», - деп түшүндүргөн.

Интернеттеги шилтемелер түзөтүү

  1. https://sputnik.kg/20180218/surabaldieva-ehlvira-zhyrgalbekovna-omur-bayany-1037801508.html
  2. https://sputnik.kg/20201027/elvira-surabaldieva-mandatynan-azhyrady-1050221810.html