Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы

Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы - ООНдун атайын адистештирилген финансы мекемеси, эл аралык кредиттик уюм; расмий эмес аты Бүткүл дүйнөлүк банк.

Бул банктын негизги ишмердиги - өкмөт гарантия берген учурда мамлекеттик жана жеке ишканаларга салыштырмалуу төмөнкү ставка менен узак мөөнөткө кредит берүү, кредиттерди өнүгүп жаткан өлкөлөргө жөнөтүү жана аларга кредиттерди бөлүштүрүү үчүн регионалдык банктарды ачуу. Эл аралык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы 1945-ж. уюшулган. Банкка мүчөлүккө Эл аралык валюта фондуна мүчө болгон өлкөлөрдү гана алат. Банктын филиалдары: Эл аралык финансы корпорациясы, Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы жана 1956-, 1960 жана 1988-жылдары түзүлгөн Көп тараптуу гарантияланган инвестициялар агентствосу.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4