Эмчек сүтүбала эмизген аялдын эмчеги иштеп чыгаруучу суюктук.
Эмчек сүтү баланын алгачкы айларындагы баалуу тамагы. Анын азык затынын составы ушул жаштагы баланын тамак сиңирүү жана зат алмашуу өзгөчөлүгүнө туура келет. Бала төрөлгөндөн кийинки алгачкы 2—3 күн эмчек коюу, сары түстөгү суюктук — ууз бөлүп чыгарат. Уузда белок жана туз көп болот, ошондой эле май тамчылуу клеткалар да арбын. 2—4 жума өткөндөн кийин кадимки сүт бөлүнө баштайт. Аны микроскоптон караганда май бүртүкчөлөрү бирдей таралганы көрүнөт. Сүттө балага керек бардык азык зат жана витаминдер бар. Андан башка антитело (баланы ар кандай оорулардан коргоочу зат) жана ферменттер болот. Эмчек сүтү уй жана эчкинин сүтүнө караганда жеңил сиңип, баалуу. Эмчек сүтүнүн белогу өтө аш болумдуу, ымыркайдын ичегисинде жеңил сиңирилет. Майы оңой сиңүүчү эмульсия түрүндө болгондуктан, ал толук сиңет. Андагы углеводдор өзүнүн азыктык касиетинен башка ичегиде микробдун өсүшүнө тоскоол болуп, тамак сиңирүүнү жакшыртат. Эмчек сүтүндө, айрыкча кальций жана фосфор туздары жетишерлик болуп, баланын скелетинин калыптануусунда жана өөрчүшүндө мааниси чоң. Эне организмине түшкөн бардык зат эмчек сүтүнө келет. Ошондуктан бала эмизген аял тамактануу режимин толук сакташы керек. Баланы эмизгенден кийин, эмчекте калган сүттү саап таштоо сунуш кылынат, кара Эмчектеги бала.

Эмизүү

Колдонулган адабиятОңдоо

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8