Эндартериит (грек. ἔνδον — ичине жана лат. arteria — артерия) — четки артериянын өнөкөт сезгениши.
Мында артерия кан тамырлардын ички капталдары калыңдап, кан өткөргүчтүгү азайып, ткандарды кан менен жабдуу бузулат. Андан ары артериянын ички көңдөйүнүн бүтөлүшү кандын агуусун бөгөп, денеге (көбүнчө бутка) кычкылтек жана башкалар керектүү азыктарды жеткирбей, ткань өлө баштайт. Эндартерииттин пайда болушуна кан тамырларды туруктуу спазмга дуушар кылган факторлор — муздоо, айрыкча үшүк алуу, өнөкөт уулануу (мисалы, коргошун менен), тамеки чегүү жана башкалар түрткү болот. Эндартериит менен көбүнчө 50 жашка чейинки эркектер ооруйт.

Облитерациялоочу эндартериит: 1— буттун эндартериитинин баштапкы стадиясы (тери жана манжалардын кубарышы); 2— ткандарга азык заттын келүүсүнүн бузулушу (көгөрүү, кубаруу жана бир аз шишимик тартуусу).

Белгилери түзөтүү

Адегенде бир буттун кан тамырлары жапа чегип, кийинчерээк экинчи бутка өтүшү мүмкүн. Эндартериитте балтыр, басканда бут кетмени, кийинчерээк жатканда да күчөп ооруйт. Булчуң эттери уюп, тарамышы түйүлөт. Бут тез эле үшүйт. Ооруган бут шишимик тартып, какшап, бозорот, кээде көгүш тартат. Бут кетмениндеги артерия кан тамырынын кагышы басаңдап, акырындап жоголот. Мезгили менен жакшы болуп, узакка созулат. Ал өтүшүп кеткенде бармактын, кээде бут кетменинин гангренасына айланат.

Дарылоо түзөтүү

Эндартериитти врач дарылайт. Дарылоодо кан тамырларды кеңейтүүчү дары, гангренага айланса хирургиялык жол колдонулат. Мындан тышкары физиотерапиялык жана санаторий-курорттордо дарылоо жүргүзүлөт. Эндартериит узак жана талыкпай дарылоону талап кылат. Анын алгачкы белгилери билинери менен врачка кайрылуу зарыл. Дарылоо канчалык эрте башталса, ошончо натыйжалуу болот.

Алдын алуу түзөтүү

Эндартерииттин алдын алууда кан тамырлардын спазмына түрткү болгон үшүк алуудан сак болуу, тамеки тартуудан баш тартуу, тар бут кийим кийбөө, бутту таза кармоо сунуш кылынат.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8