Эндоплазма торчосу - эукариоттордун клетка органиоди.

Ал майда вакуолдор жана каналчалардан туруп, бири-бири жана мембрана менен бириккен. Эндоплазма торчосу жылмакай жана бүртүктүү болуп айырмаланат. Жылмакай Эндоплазма торчосунун рибосомасы болбойт, тармакталган каналчалардан жана майда вакуолдордон турат. Ал клеткада липомиддердин пайда болуусун, топтолуусун жана триглицериддерди синтездейт; айрым полисахариддердин алмашуусун, клеткадан уулуу заттарды чыгаруу, стероид гормондорун синтездөө функциясын аткарат. Бүртүктүү Эндоплазма торчосунун мембранасында рибосомасы болуп, каналчалардан жана көңдөйчөдөн турат. Ал белок синтездөө функциясын аткарат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4