Энергиянын ташылышы – заттарды нурланбаган процесстердин натыйжасында электрондук дүүлүгүүнүн энергиясы: дүүлүккөн бөлүкчөлөрдөн (атомдор, молекулалар жана иондордон), дүүлүкпөгөн бөлүкчөлөргө, дүүлүгүү нурлануунун толкун узундугунан кичине болгон гана аралыкка берилиши.

Энергиянын ташылышы дүүлүккөн (донор) жана дүүлүкпөгөн (акцептор) бөлүкчөлөрдүн электр-магниттик өз ара аракеттешүүсү менен шартталып, алар үчүн резонанс шарты аткарылышы талап кылынат. Энергиянын ташылышы бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүүсүнөн улам дүүлүккөн энергиянын деңгээлинде донордун жашоо убактысы азаят. Бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүү механизми боюнча мультиполдук (индукция резонансы) жана алмашма Энергиянын ташылышына айырмаланат. Эгерде донордун жана акцептордун молекулаларындагы электрондордун өтүүлөрүнө тандоо эрежеси боюнча уруксат берилсе, анда негизги кызматты диполь-диполдук Энергиянын ташылышы аткарат, ага мүнөздүү ташылыш аралыгы 2–8 нм ге барабар. Алмашма Энергиянын ташылышы донордун жана акцептордун молекулаларынын электрондук катмарлары бири бирин жаап калган учурда орун алат, андагы аралык 1–2 нмди түзөт. Эгерде донордун люминесценция жана акцептордун жутуу спектрлеринин аймагында аларды камтыган кристалл-дын өздүк жутулуусу бар болсо, анда Энергиянын ташылышы экситон аркылуу жүргүзүлөт. Бул процессти экситон диффузиясы катары кароого болот. Экситон диффузия коэффициенти, демек, кристаллда Энергиянын ташылышынын натыйжалуулугу экситондун эркин же эркин эместигине көзкаранды болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү