Энрико Карузо [25. 2. 1873, Неаполь – 2. 8. 1921, ошол эле жер] – италиялык ырчы (тенор). Алгач «Нуово» театрында опера ырчысы катары өнөрүн көрсөтүп, 1895–98-жылы Италиянын көптөгөн шаарларында, 1900–01-жылдары Миландын «Ла-Скала» театрында ырдаган. 1903–20 -жылы Нью-Йорктун «Метрополитен-опера» театрынын солисти. 1898жылдан дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Россияда – 1898, 1900) гастролдо болгон, Италияга жыл сайын барып турган. Карузо дүйнөдөгү даңазалуу опералык ырчылардын бири катары мыкты партияларды [Герцог, Манрико, Радамес (Ж. Верди «Риголетто», «Трубадур», «Аида»), Фауст (А. Бойто «Мефистофель»), Рудольф, Каварадосси, де Грие (Ж. Пуччини «Богема», «Тоска», «Манон Леско»), Хозе (Ж. Бизе «Кармен») жана башка] аткарган. Неаполитан ырларын да өзгөчө берилүү менен ырдаган. Карузо фортепьянодо, гитарада, флейтада, трубада ойногон, таланттуу карикатурист да болгон.

Колдонулган адабияттар түзөтүү