Эрменшыбак (лат. Artemisia absinthium L. 1753) – татаал гүлдүүлөр тукумунун шыбак уруусундагы өсүмдүк. Бийикт. 150 смге чейин, сабагы түз, көп кырдуу, кыска түк м-ен капталган, уч жагы чачырап бутактанган, тамыры жоон көп жылдык чөп. Э. жалгыздан же топтолуп өсөт. Түп жагындагы ири жалбырактары узун саптуу, жээктери тиликтүү, бутак жалбырактары кыска саптуу, тасма сымал сүйрү. Себетчеси тоголок көп гүлдөрдөн туруп, шыпыргыдай татаал топ гүлгө чогулган. Э. Батыш Европа, Жер Ортолук деңиз жээги, Иран, Афганистан, Түн. Америка, Түн. Африкада таралган. Уругу вегетатив жол менен көбөйөт. Кыргызстанда арык жээгинде, өзөн боюунда, жайытта, айдоодо, нымдуу талаада өсөт.

Эрменшыбак.

Колдонулган адабияттар түзөтүү