Эскалатор (англ, escalator - алгачкы булак; лат. scala - тепкич) - тепкичтүү полотносу жантык багыт боюнча үзгүлтүксүз кыймылдап, кишилерди өйдө же төмөн ташыгыч конвейер.

Ал негизинен электр кыймылдаткычынын жардамы менен жүргүзүлөт. Кыймылсыз Эскалатор кадимки тепкич катары пайдаланылат. Эскалатор ири магазиндерде, коомдук имараттарда, метрополитенде ж. б. колдонулат. Тепкичтер жантык тегиздик боюнча роликтердин үстү менен пластина (жалдак) чынжырдын тартуу кучүнөн жылып кыймылдайт. Өзгөчө механизмдер тепкичтерди жантык абалда карман турат. Эскалатордун жогорку бөлүгүнө кыймыл берүүчү вал, төмөнкү бөлүгүнө чынжырды кергич жабдуу орнотулат. Эскалатордун линиясы эки жагынан балюстрадалар менен тосулуп, кырлары жылма резина лентасы менен жабдылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.