Эфтрофикация - дарыя, көл жана дениздерди биогендер менен байытуу.

Эфтрофикация.

Бул процесс алардын продукттуулугун жогорулатат. Эфтрофикация процесси сууда жашаган жаныбарлар ж. б. гидробионттор үчүн кооптуу. Ошондуктан, Э. процесси күчтүү жүргөн суу экосистемаларына биогендик заттардын (аллохтондор) түшүшүн азайтуу керек. Экинчиден, синтезделген продукцияны иштетүүгө (деструкциялоого) аракет кылуу зарыл. Эфтрофикация суунун табигый эскириши жана антропогендик таасирдин натыйжасынан пайда болот. Анын жүрүшүнө өбөлгө болгон негизги химиялык элементтер - фосфор жана азот. Антропогендик таасирдин негизинде жаралган Эфтрофикация балырлардын кескин көбөйүшүнө, суудагы кычкылтектин азайышына алып келип, бул экосистемадагы байырлаган балыктар, жаныбарлар жабыркайт. Эфтрофикациянын пайда болушунун негизги себеби - биогендик заттардын антропогендик жол менен сууларга кошулуусу. Ага өнөр жай жана айыл чарба өндүрүшү олуттуу салым кошууда. Эфтрофикация га антропогендик иш-чаралардын натыйжасында сууга кошулган фосфор жана азот негизинен ыплас суулар (айрыкча айдоо аянттан, мал чарбасынан бөлүнгөн) менен келет. Учурда көпчүлүк өлкөлөрдө Эфтрофикацияны көбөйтүүчү фосфат натрийди, жуучу каражаттарды колдонууга тыюу салынган, к. Ыплас суулар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4