Эхнатон, Аменхотеп IV (болжол менен б. з. ч. 1353-36-ж. башкарган) - Байыркы Египеттин 18-фараону, көрүнүктүү саясатчы, белгилүү диний реформатор, анын башкаруу мезгилинде Египетте диний жана саясий өзгөрүүлөр болгон.

Эхнатон.

Аменхотеп Шнүн жана Тейенин уулу. 2014-ж. Аменхотеп Шнүн көрүстөндөгү жазууларды изилдөөнүн негизинде Байыркы эстеликтерди сактоо жана коргоо боюнча Египет министрлиги Аменхотеп III жана Аменхотеп IV биргелешип, 8 жыл Египетти башкарган деп далилдешет. Аменхотеп IV Митанни жана Вавилония падышалары менен достук мамиледе болгон. Анын бийлиги мезгилинде диний реформалар жүргүзүлүп, «атониститкалык революция» деп аталган. Көп кудайлардын ордуна ал бир гана Атон (күн кудайы) кудайына сыйынууну киргизип, күчтүү жана бай жрецтердин бийлигин жок кылууну көздөгөн. Ахен-Атон шаарын (азыркы Тель эль-Амарна шаар калдыгы) неиздеген. Шаарга чоң жана майда дворецтерди курдуруп, «Атондун үйү» аталыштагы храм салдырган. Амарн исквосун өнүктүргөн. Жакынкы Чыгыштагы ири мамлекеттерге алтын чыгарууну токтоткон, натыйжада алар менен болгон мамилеси начарлаган. Анын образын чагылдырган эмгектер жазылып, фильм тартылган.

Байланыштуу макалалар түзөтүү

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4