Боз үйгө кирип-чыгууда эшиктин элпек жабылышы үчүн жылкынын жазы көгү менен токулган чий. Боз үйдүн бир бөлүгү. Түшүүчү көркөм көчөттөр анча ала чакмактанбай, буюмдун четки ийреги кийизге беттей тигилет да, мында негизи кызыл-көк, кара-кызыл, кара сары, кара-ак сыяктуу эки өң гана жупташат. «Мүйүз оюму», «такта оюм», «шайы оюм» өңдөнгөн көчөттөр эшик чий үчүн өтө мүнөздүү көрүнүп, чийдин төптөшүп, жакшынакай чырмалып токулган кайчы көктөлгөн көктөрдүн, «ууктун жана жел боонун» алдынан көрүнүп турат. Мунун көркөм көчөттөрүнүн четине түшкөн «ала мончоктору», «араа тиш», «тумарча» кейиптенет. Ачып-жабууда абдан бышык болушу үчүн аны согууда атайын жылкынын жазы көгү колдонулат да, буга деле чыгдан (ашкана) жана канат чийге таандык көркөм көчөттөр түшүрүлөт.


Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)