Эштек "Манас" эпосундагы этноним. Көкөтөйдүн ашында Э-тер бир канча жолу эскерилип кетет. Көпчүлүк учурда "Эштектердин Жамгырчы" деп уруу (эл) катары айтылат, кай бирде "Эштектин уулу Жамгырчы" деп, анын атасынын аты катары да учурайт. "Манас" эпосунун негизги варианттарында элдин аты болуп айтылат: "Кыпчактан келди Элеман, Эштектен келген Жамгырчы" (Сагымбай Орозбаков, 3. 61). Э-тер көбүнчө катаган, казак, кыпчак менен катарлаш аталат. Жамгырчы болсо ошол өзүнчө элдин каны катары көрсөтүлөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4