Ээрди каптоо төрт бөлүктөн турат. Абалы алдын, эки каптыргасынын баш-баштары, чарбасы, үстү капталат. Териге өзүнчө өң берүү үчүн кадимки кара тушту (сыяны) пайдалангандар бар. Аны чылгый теринин ич жагына сыйпайт. Ошондо ал сырткы өңүнө чыгат. Ансыз ээр кадимки жыдытылган карындай чел болуп, ээрдин жыгачы көрүнүп калат.

Сыйрып алары менен терини жылуу кезинде эле түгүн сыртына чыгара ороп коёт. Ичине жел кирбей жылуу жерге турса, ал төрт күндө жыдыйт. Жүнү өзү эле колго келбей калат. Ички челин, тери этин кырып алат. Сөөктөй катып калган тери болсо да жибитип, жүнүн жыдытат. Терини ээрге каптоодо эки см дик мык керектелет. Буюмдун жээктерин жана каштарын кооздоо үчүн бөрктүү мыктарды пайдаланат. Аны ээрге чапканда көрпөчөлөнгөнсүп, кадимки шөкөттөлгөндөй, сынпоздолгондой кооздукту тартуулап турат.

Кол кайык аркылуу жүзөгө ашырууда жыгачты араалоодо же чөптү таңгактоодо механизмди кыймылга келтирүүчү капрон жиби бар резина аралашкан жазы тасма курду тилип, эки катын ажыратып алса болот. Ошону кайыш менен булгаарынын ортосуна беттей коюп кайыйт. Кайык жипке капронду пайдалангандар бар (өзүнчө чоң түрмөк, аны дүкөндөрдө сатат). Тилинген кош кат кайыш булгаарыны дискага кыпчытып, жүгөндү, көмөлдүрүктү, басмайылды, куюшканды алты-жети күндө кайып бүткөндөр бар. Ошондо бир ат жабдык жарым айда колдон биротоло чыгат.

Ээрди каптоодо уй терисинен төө териси 8—10 жыл бышыгыраак болот. Кийинчерээк ээрчилер уй териси менен эле каптап жүрүшөт. Аны жыдытуу үчүн айрымдар бетине акиташ себет. Анда ички кыртышы жумшарат, жүнү жыдыйт. Жумуру жыгачты тамга жөлөп, ошого жыдыган терини артка салып, жүнүн орок менен шыпырып ташташат. Кайра ички бетин сыртына арта каратып, челин да сыдырат. Анан эки-үч кун таза сууга салса, акиси кетет. Ансыз каптаганда жылаңач ээрди тери чап кармай албайт. Ал «Там тешээр ээр» болуп калат. (Тамга койгула, ат-маты менен эшиктен кир, ат жыгылып, үч-төрт ала салсын, оңко турсун ээр сынбайт. Ушуну там бузаар ээр деп атайт.) Эгер ээр кургап, даяр боло элек чакта анда аны каптоочу терисин белендеп алат. Ошол жүнү шыпырылып алынган кургак көлөкө жерге керип, калдыркандай катырат. Айрымдар терини ным жерге таштап, чиритип же көгөртүп коет. Ошол кургатып алган терини сууга салып, чылгый кылып дароо ээрди каптай коюшат.


Демек, ээр каптоо — бодонун чылгый терисин чабылган ээрдин сыртынан бычып карматуу. Мында ар бир чебердин өзүнчө таандык ыкмалары баамдалат. Чебер терини челекте муздак сууга жыдытып, жүнүн бычак менен алат. Кайрадан туздап, челекке эки күнчө салып таштаса, тери чыйралат да, калыңдыгын да, сапатын да сактайт. Чылгый терини чабылган ээрдин сыртынан бычат да, өзүнүн мыгы менен урат. Тери чылгый чагында капталса, ээрди чап кармайт. Чылгый теринин өңүн буруш үчүн азыркы чеберлер кара лакты, көк, жашыл жана кызыл боекту да пайдаланышат. Терини чала ийлеп, туз жаап, ысык сууга салып, күнү-түнү коюп да жыдытууга болот. Абалы ээрдин ичи, анан эки каптыргасы капталат. Ээр каптоо үчүн чеберлер кайыңдан мык жасашкан.

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)