Юдин Павел Фёдорович (1899–1968) – советтик философ жана коомдук ишмер, СССР илимдер Академиясынын академиги. 1931-жылы кызыл профессура Институттун бүтүргөн. 1938–1944-жылдары СССР ИА философия институтунун директору, 1937–1947-жылдары мамлекеттик басмалардын Бирикмесинде директор. 1946–1953-жылдары «Советская книга» журналынын башкы редактору. 1953–59-жылдары СССРдин КЭРдеги элчиси.

Негизги эмгектери диалектикалык жана тарыхый материализм, илимий атеизм, илимий коммунизмдин теориясы, марксисттик философиянын тарыхына арналган. СССР Жогорку Советинин 2 жолку депутаты. Эки ирет Ленин ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү