Юсуф Чим (түрк. Yusuf Çim) — 1991-жылы 26-сентябрда Түркиянын Стамбул шаарында төрөлгөн. Жаштайынан эле эл алдында чоңойгон Юсуф учурда модель, ырчы, телеалпаруучу, актёр катары калың журтка таанымал. 2011-жылы "Түркиянын мыкты модели" наамына татыган. Ырчылык жаатында 2013-жылы "Бир ирет болсун" аттуу альбому жарык көргөн. Ал эми телеалпаруучу катары 2015-жылы жергиликтүү каналдардын биринде "Пирамида" аттуу шоу берүүнү алып баруу менен өзүн көрсөткөн. Юсуф Чим кайрымдуулук менен да алектенип, Даун синдрому менен ооруган балдарга көмөк көрсөтүп келет.

Юсуф Чим
Yusuf Çim
YusufCim.jpg
Туулган датасы:

26 -сентябрь 1991(1991-09-26) (30 жаш)

Туулган жери:

Стамбул , Түркия

Жарандыгы:

Flag of Turkey.svg Түркия

Кесиби:

актёр, ырчы, телеалпаруучу, модель

Карьерасы:

2003 — азыркы учурда

IMDb:

ID 7487475