Ядро(өзөк) физикасы - физика илиминин атом ядросунун физикалык касиетин изилдөөчү тармагы.

Ядро физикасы радиоактивдүүлүк (1896) ачылган жылдарда пайда болду. Ага чейин атом ядросу бар экендиги белгисиз болучу. Азыр Ядро физикасы ядролук энергетиканын радиоизотопторду, радиоактиваниялык процесстерди жана ядролук кубулуштарды өндүрүштө жана техникада колдонуунун негизин түзөт. Физикада атом ядросу жөнүндөгү илим бир канча бөлүмдөрдөн турат. Ядронун структурасы жана жалпы касиетине анын массасы, заряды, массалык жана заряддык саны, ядронун байланыш энергиясы, механикалык, магниттик жана электрдик моменти, ядронун эффективдуүлүк көлөмү жана дүүлүккөн энергетикалык деңгээлдери кирет.

Ядролук күч. Бул бөлүмдө ядролук күчтүн касиети изилденет. Ядролук күчтү толугу менен түшүндүрө турган теория азыр жок болгондуктан ядродогу кубулуштарды түшүндүрүү үчүн анын ар түрдүү моделдери түзүлгөн. Ядро физикасынын бөлүктөрүнө ядро реакциясы, жөнөкөй бөлүкчөлөр, нейтрондук физика ж. б. кирет. Ядро физикасынын өсүшү өзүнчө ядролук техника деген тармактын пайда болушуна алып келди. Радиоизотоптор физикада, химияда, металлургияда кеңири колдонулат. Белгиленген атом методун биология жана айыл чарба илимине колдонуу эң көп ийгиликтерге алып келди. Анын жардамы менен металлургиядагы диффузия жана сублимация кубулушунун тирүү организмдердеги заттардын алмашышы жана сиңириши, өсүмдүктөрдүн азыктангандыгы ж. б. көптөгөн кубулуштар изилденет.

Ядро физикасынын өнүгүшү жаратылышта кездешпеген трансуран деп аталуучу жаңы элементтерди алууга мүмкүндүк берди. Аларга төмөнкүлөр кирет: нептуний, плутоний, америций, кюрий, бериллий, калифорний, эйнштейний, фермий, менделеевий.

Ядро физикасынын негизинде геология жана архитектура үчүн заттардын, буюмдардын жашын аныктай турган жаңы методдор, радиациялык химия жана радиохимия илиминин жаңы тармактары пайда болду. Азыр Ядро физикасы медицина, техника ж. б. тармактарда кеңири колдонулууда.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Т. 6. Тоо климаты - Яшма. -656 б.