Якуб-Бек"Манас" эпосундагы кейипкер. "Мажму ат-таварихте" ("Тарыхтар жыйнагы") Талас чөлкөмүндө жашаган Каркара (Каркыра) уруусунун (кээде Каркара адамдын аты катары да айтылат) башчысы жана Манастын атасы. Кол жазмада Каркара Кара-Кышлакка барганы, бир уулдуу болуп, ага "Якуб-бек" деген ысым беришкени, Якуб-бектен төрөлгөн уулдун ысымын Манас коюшканы (38-б.) айтылат.

Манас Таластын баш жагында жүргөн кезде, калмактардын башчысы Жолой аскери менен Кара-Кышлакка келип "Я.-б-тин элин талкалап, өзүн туткундап көлдү карай жөнөйт. Я.б-тин бир тууганы Карнас (Карунас, Карунас Кара) качып кутулуп, Манаска кабар берет. Манас кырк жигити менен төрт күндө кууп жетип, Жолойду өлтүрүп атасы Я.-б-ти куткарып алып, кайра Таласка келет.

Бул "Манас" эпосуна тиешелүү 16-кылымдын башында жазылып калган материалды тарыхый жактан иликтей келгенде Караханийлердин доорундагы окуяларга (10—11-кылым) байланыштуу экендиги ачык көрүнөт. Анткени, эпикалык Манастын атасы Я.-б., анын бир тууганы Карнас 11-кылымдын башындагы жашаган тарыхый реалдуу адамдар болгон. Мисалы, араб тарыхчысы ибн-ал-Асирдин жазган маалыматтарында Караханийлердин доорунда Ат-Башынын акими Йакуб (Йакуб-Тегин) менен Кашкардын башкаруучусу Харун Буурахан бир тууган адамдар болушкан (Материалы по истории киргизов и Киргизии, вып. 1. 1973, 62—63-б.). Айрым "Манас" иликтөөчүлөр (А. Тагиржанов, Э. Абдылдаев) ушул тарыхый маалыматтарга таянып, эпостун алгачкы тарыхый негизи Караханийлер доорунда (10—12-кылым) пайда болгон деген көз карашты айтышат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4