Яндекс.Карты - Яндекстин картографиялык маалымат издөө кызматы. 2004-жылы ачылган. Кызматта бүтүндөй дүйнөнүн толук карталары көрсөтүлгөн. Кызмат картадан издөө жана маршрут белгилөө мүмкүнчүлүгүн берет. Ошондой эле, жол тыгындары жөнүндө маалымат, көчө жана чоң шаарлардын панорамалары бар. Россия, Абхазия, Азербайжан, Андорра, Армения, Белоруссия, Грузия, Израил, Иордания, Ирак, Иран, Казакстан, Кыргызстан, Латвия, Ливан, Литва, Молдова, Палестина, Польша, Сирия, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан, Украина, Эстония жана Түштүк Осетияга эки жумада бир жаңыланып турган компаниянын өзүнүн карталары колдонулат; дүйнөнүн башка өлкөлөрүнүн карталары тууралуу маалыматтар "НАВТЭК" компаниясынан алынат. Маршрут чыгуу чекити менен баруу чекиттери эки башка өлкөдө болсо да белгиленет.

Яндекс.Карталар
URL

yandex.ru/maps

Коммерциялыкпы?

Жок

Сайттын түрү

Маалымат-издөөчү

Жеткиликтүү тилдер

орусча, украинче, англисче жана түркчө

Ээси

Яндекс

Автору

Яндекс

Ачылган күнү

27-август 2004

Учурдагы абалы

Иштейт (Активдүү)

Яндекс.Карталар Уикиказынада

2012-жылдын март айындагы эсеп боюнча, ресурстун Орусиядагы аудиториясы 16,2 миллион кишиге жеткен.

Тарыхы түзөтүү

Шилтемелер түзөтүү

Калып:Яндекс