Жапондор

Япондор‎»‎ барагынан багытталды)

Жапондор ― улут, Жапониянын негизги калкы.

Жапондор

Ошондой эле Бразилияда, Калифорния жана Гавай а-нда (1,5 млн), АКШда (1,2 млн), Корея Элдик Республикасында (127 282), Филиппинде (120 000), Канадада (99 миң), Перуда (90 000), Австралияда (71 013), Улуу Британияда (63 017), Таиландда (45 805), Германияда (36 960), Аргентинада (34 000), Францияда (30 947), Корея Республикасында (28 320), Сингапурда (23 000), КЭРде (20 373), Микронезияда (20 000), Мексикада (20 000), Боливияда (14 000), Жаңы Зеландияда (13 447), Италияда (12 156), Индонезияда (11 263), Парагвайда (10 321), Чилиде (10 000), Вьетнамда (9468), Малайзияда (9142), Швейцарияда (8499), Жаңы Каледонияда (8000), Испанияда (7046), Нидерландда (6616), Бельгияда (6519), Маршалл а-нда (6000), Палауда (5000) жана Орусияда да (2137) жашашат. Саны 130 млн киыш, а. и. Жапонияда 127 млн (2013).

Жапон тилинде сүйлөшөт. Динге ишенгендери буддизм, ошондой эле синтоизмди да тутушат, бир азы христиандар.

Жапондун түпкү теги б. з. ч. 1-миң жылдыкта Корея жарым а-нан Жапон архипелагына оошуп келген протояпон («пуёские») уруулары деп болжолдонот. Протояпон уруулары бара-бара Жапонияны мекендеген байыркы жергиликтүү калк (айн-эмистер) жана түштүгүндөгү австронезия уруулары (кумасо жана хаято) менен ассимиляциялашкан. Б. з. 4-кылымында алгачкы япон мамлекети - Ямато түзүлүп, байыркы япон урууларынын биригишинен япон эли пайда болгон. 19-кылымдын экинчи жарымында калыптанган. Я. дыйканчылык, ошондой эле балык кармоочулук жана жибек өстүрүүчүлүк менен кесиптенишкен. Азыркы учурда Жапония - жогорку өнүккөн индустриялык өлкө болгондуктан, Жапондун көпчүлүгү өнөр жай тармактарында иштешет.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4