Үзөңгү — ат жабдыгынын бир бөлүгү. Ат үстүндө тыкан, түз жана тең салмакта жүрүүдө, аттанып түшүүдө бутка таканч болуп, теминүүгө ылайыкташат да, ээрдин эки капталына тагылат. «Коло үзөңгү», «жез үзөңгү», «күмүш үзөңгү» (күмүш жалаткан) деп аталат. Үзөңгү жыгачтан да, мүйүздөн да жасалган. Мунун бутка таканч таманы (теминчеги), эки жак капталы (жаактары), боо өткөрүүчү тешикчеси таралгасы болот. Үзөңгүнүн ээрдин оң жак жана сол жак капталына кайыштан каттай боосу (үзөңгү боо) болот. Үзөңгү көбүнчө калыпка куюлат. Үзөңгү куюу үчүн жасалуучу калып негизинен беш бөлүктөн турат. Аны усталар үч күндө куюп бүтөт. Ошол бир нече бөлүк темир кайра жик-жиги менен куралып кепшерленет. Калып жасалгандан кийин усталар аны 400—500° та ысытат. Жезди чопо чөйчөктө эритет. Эгер үзөңгү калып муздак болсо, эритилип куюлуп жаткан суюктук анча чуркай албайт.

Үзөңгү

Калыптагы («жатак») суюктук куюлуп жатканда буга илгери сорпо куюшчу. Мунун калыптан чыгарууга оңойлугуна карап, азыркы усталар автолинди колдонот. Үзөңгү колодон да эритилет. Бирок, куюлуп жаткан колонун суюктугу муздап келе жатканда да сынбасы үчүн буюм эки бөлөк куюлат. Үзөңгүгө сары жездин жана колонун тазасы керек. Таза жез тунук келет. Үзөңгүнү туюк куйбоо керек. Мында жез муздаганда кысылып, үзөңгү сынып да калат. Усталар үзөңгү куюлуучу металлдардын ич ара айырмачылыктарын айра таанып, иштетүү сырларын таасын өздөштүрүшкөн. Үзөңгү да түрдүүчө кооздолот. Мунун ар кандай формалары кездешет. Күмүш жалатылган үзөңгүлөргө кадимкидей көркөм оюм-чийимдер түшүрүлөт. Үзөңгү таманы жазыраак келип, өзүнчө сызыкча болуп, үстүнкү бут кое турган жагы «араа тиштении», асемделе келтирилип, бул да өзүнүн жекече көркөмдүгүн тартуулайт. Анын жаагы мүмкүн болушунча ичке келет. Үзөңгүнүн кайыш аркылуу бириккен жери төрт чарчыланып, ага да «сыя төгүү» өңдүү кооздуктар берилет. Элдик оюм- чийимдин түрлөрүн элестеткен көркөмдүктөр кесилип, жабыштырылып да шөкөттөлөт.

Үзөңгү таманынын алды тегерек тешиктүү, жалпак тешиктүү болот. Колдо куюлган үзөңгүгө күмүш жана башка түстүү металлдарды жалатууга, анын бетин торчолоого болот. Мында үзөңгүнүн кайыш өткөрө турган көзү менен таманына өзүнчө форма беришкен. Чеберлер заттарды эритүүдөгү алардын ич ара айырмачылыктарын мыктап билишет. Мисалы, кызыл жез коюу келгендиктен ысыкка өтө чыдамдуу келет. Ал көптө барып эририн зергерлер туят. Коло ысыкты анча сүйбөйт, бат эле мөлт эте түшөт. Болжолдо, коло 400—500° та (жыйырма минутада), сары жез 600° та (жыйырма беш минутада), ал эми кызыл жез 800—900°та (отуз минутада) эрийт. Минтип, заттарды таасын эритүү чоктонуучу көмүргө, көөрүктүн басымына байланышат. Үзөңгүнү чоюп, жезден сомдоп туруп, никелдештирип кооздоого да болот. Буга күмүш жалатып, анын үстүнө күмүш зым аркылуу кооз оюм түшүрүү салты да болгон. Үзөңгүнү «теминги» деп айтабыз. Ал теминүүдөн, унааны айдоодон айтылышы мүмкүн.

Пайдаланылган адабиятттар:

Маалыматтын булагы түзөтүү

Акматалиев Амантур Сейтаалы уулу. Кыргыздын кол өнөрчүлүгү. Бишкек 1996: ISBN — 5-655-00960-9(жеткиликсиз шилтеме)