Алыкул Үсөнбаев

Үсөнбаев, Алыкул‎»‎ барагынан багытталды)

Алыкул Усөнбаев (1894-1963-ж.ж.) — Кыргыздын көрүнүктүү төкмө акындарынын бири, чебер комузчу.

Өмүрү таржымакалы түзөтүү

Ал 1894-жылы Талас өрөөнүндөгү азыркы Киров районуна караштуу Кара-Арча кыштагында туулган. Он эки-он үч жашында эле өзү теңдүүлөрдүн арасында жалаң эл оозундагы ырларды гана эмес, анча-мынча жамакташтырып ырдап журөт. Бара-бара жыл өткөн сайын кыз оюндарда, той-шаларда оозго алына баштап, жыйырма жаш чамасында эл арасына белгилүү болуп калат. Ал 1963-жылы дүйнөдөн кайткан.

Эмгек жолу түзөтүү

Акындын ырларындагы элдик мотивдин бийик, шаңдуу чыгышына, ырчылык чеберчилигинин талантына эл ырчыларынын, өзгөчө Токтогулдун тийгизген таасири зор. Ал жаш ырчыга комуз чертүүнүн искусствосун үйрөтүп, күүлөрүнө-күү, ырларына-ыр берген окутуучу болгон. Алымкул ал жөнүндө кыскача эскерген: «Мага көнүлүмдү эргиткен күүсүн үйрөткөн, балдай сөзүн сүйлөткөн биринчи акыйкатчым жана окутуучум - акын атам Токтогул болду». Анын улуу акын менен бирге жүрүп, бирге ырдашкан чыгармаларынан «Акыйкат жана теңчилик дар теңдиги жөнүндө», «Токтогул менен жолугушуу», «Экинчи жолугушуу» өңдүү алым-сабак ырлары. Токтогулдун бай мурастарын, тематикага кеңири көркөм ырларын, санаттарын, айтыштарын, атактуу күүлөүн жыйноодо да баа жеткис эмгек кылган.

Чыгармачылыгы түзөтүү

Алыкул Усенбаевдин насыят, арноо, санат мүнөзүндөгү: «Шахтерлорго», «Устага», «Энеге», «Түштүк туугандарга» деген ырлары элдик оозеки адабияттын салтында жазылып, адамкерчилик, адилеттуулук, эр жүрөктүүлүк, каармандык өңдүү сапаттарды элибиздин азыркы турмушу, конкреттүү тарыхый кырдаалдар менен терең айкалыштырып, акыл-насаатын айткан. Акындын чыгармачылыгында өзгөчө орунду ээлеген «Ысык-Көл» поэмасында көлдүн айланасындагы өсүш, өзгөрүш, элдин турмушундагы жаңылыктар жөнүндө баяндалса, «Биринчи бригада» поэмасы дың жерлерди өздөштүрүп, мол түшүмгө ээ болгон Таластын тамекичилерине арналган. Ал эми Улуу Ата Мекендик согуш темасына арналган ырлары жана обон күүлөрүндө согуштун жүрүшү, жоокерлердин майтарылгыс кайраты, тылдын каарман баатырларынын образдары кеңири сүрөттөлгөн. Алыкул Усенбаевдин түрдүү тематикадагы ар кыл мазмундагы отуздан ашык ырлар жыйнагы жана көлөмдүү поэмалары жарык көрүп, көркүнө чыккан жер-суу, андагы сансыз байлык, тынчтык үчүн болгон күрөш жана өз элинин ой-санаасы, турмушу чагылдырылган. Ал гана эмес, оозеки адабияттын сонун үлгүлөрү «Саринжи-Бөкөй», «Кожожаш», «Олжобай менен Кишимжан», «Жолборс миңген киши» аттуу поэмаларды айтып калтырган.

Сыйлыктары жана наамдары түзөтүү

Акындын кыргыз адабияты менен искусствону өнүктүрүү ишиндеги сиңирген эмгеги үчүн Кыргыз ССРинин эл артисти деген наам берилип, Ленин, «Эмгек Кызыл Туу», «Кызыл Жылдыз» ордендери менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Үсөнбаев А. Таалай ырлары / Түз. 3. Үсөнбаев. -Ф.: Кыргызстан, -1986. - 119 б.; Тандалган чытагмаларынын бир томдук жыйнагы. - Ф.: Кыргызстан, 1973 - 581 б.